06.09.2016 14:57

АКШнын КРдагы элчиси ДКО тууралуу: “Мындай деңгээлдеги меймандостукка алгачкы жолу күбө болдук”

Бүгүн, 6-сентябрьда ДКО алкагында Орусиянын жана АКШнын командаларынын ортосунда ордо оюну боюнча мелдештер өткөрүлдү. Ага көрүүчүлөр менен катар эле АКШнын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни да күбө болуп, оюндун аягында ал Ысык-Көлдө өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу өз оюн билдирди.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – азыртадан эле өтө чоң ийгиликти багындырып жаткандыгын көрүүгө болот. Анткени абдан позитивдүү багыттарды түзө турган иш-чара. Спорттук ареналарда жана маданий фествалдарда ар кайсы мамлекеттин, алардын арасында биздин мамлекеттин да көп сандаган өкүлдөрүн бириктирип, чогулта алгандыгы менен Оюндардын уюштуруучуларын жана катышуучуларын куттуктап өткүм келет. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары- мамлелерди бекемдөө, тажрыйба алмашуу, убакытты пайдалуу жана көңүлдүү өткөрүүгө көмөкчү боло турган иш-чара.

Оюндарга катышып жаткан АКШнын бардык өкүлдөрү кыргыз элинин жылуу мамилесин, меймандостугун баалады, анткени мындай жогорку деңгээлдеги кабыл алуу дайыма боло бербейт. Бул кыргыз элинин байыркы салт-санааларынан экендигин билебиз. 

Мен үчүн, АКШдан келген бардык өкүлдөр үчүн Кыргызстандын элине болгон терең урматтобузду көргөзүү өтө маанилүү. Сиздер менен бирге болууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, – деп өз сөзүндө белгиледи Шейла Гуолтни.

50 кишиден турган Американын командасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көптөгөн мелдештеринде, мисалы: ордо, мангала, тогуз коргоол, көк бөрү оюндары боюнча таймашка  чыгат. Команданын атынан өзүнүн программасын даярдап келген ковбойлор, этнофестивалдын катышуучулары – бийчилер жана Дүйнөлүк корпустун ыктыярчылары катышууда. Бардык ыктыярчылар кыргыз тилин мыкты деңгээлде билет.

“Мен көптөгөн оюндарды көрдүм. Алардын айрымдары мага абдан оор болуп көрүндү, анткени тынымсыз машыгууларды жана мыкты иштелип чыккан стратегияны талап кыла турган оюндар экен. Ошентсе да улуттук оюндар өзгөчө кызыгууларга арзып, элдин купулуна толо тургандыгына ынандым,” – деп Элчи сөзүн аяктады.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы