05.09.2016 13:08

“Airbus Helicopters” Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына “H130” вертолетун пайдаланууга берди

“Airbus Helicopters” Борбордук Азиядагы компаниянын стратегиясына ылайык экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий демөөрчүсү болду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылдын 3-8-сентябрь күндөрү Кыргызстанда өтүүдө.

Компания “H130” вертолету менен камсыздоо аркылуу колдоо көрсөтүп, ДКО алкагында өтүп жаткан иш-чараларды уюштурууга катышып жатат.

Вертолеттун экипажы  этношаарча орун алган Кырчын жайлоосунда, андан соң  Чолпон-Ата шаарындагы ат майданына, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексине өйдөдөн байкоо жүргүзүү менен учуштарды жасайт. Ат майданында жана ден соолукту чыңдоо комплексинде спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүүдө.

 “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Борбордук Азия мамлекеттеринин өзгөчө тарыхын жана маданиятын чагылдырып турат. Мындай иш-чаранын бир бөлүгү болуу биз үчүн өтө чоң сыймык. Вертолет менен үстүдөн байкоо жүргүзүп учуу менен катышуучуларга жана меймандарга Оюндардын канчалык деңгээлде ири болгондугун, көчмөндөрдүн салт-санааларынын жана үрп-адаттарынын ар тараптуулугун жана колоритин, ошондой эле Кыргызстандын жаратылышынын көркөмдүүлүгүн көргөзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт” – деп “Airbus Helicopters” компаниясынын башкы вице-президенти  Оливье Мишалон белгилей кетти.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдеринин тарыхына, алардын үрп-адаттарын, салт-санааларын жана жашоо турмушун сактоого арналган. Жакында өткөн Олимпиадалык оюндар сыяктуу эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да көп сандаган спорттук делегацияларды жана дүйнөнүн ар тарабынан келген меймандарды чогулта алды. 

Кошумча маалымат

 “Airbus Group” корпорациясынын курамына кирген “Airbus Helicopters” дүйнөдө жарандык жана аскердик вертолеттор боюнча эффективдүү чечимдерди камсыздап келет. Компаниянын кызмат көрсөтүү флотунда 154 мамлекетте 3000ден ашуун кардарлар тарабынан колдонулуп келген 12 миң вертолет бар.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы