04.09.2018 10:12

Алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы 9 медаль жеңип алды

3-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бактуу-Долоноту айылындагы Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде алыш күрөшү боюнча турнир болуп өттү. Алыш күрөшү боюнча мыкты балбандар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдары үчүн гана эмес, дүйнө чемпиону наамы үчүн дагы күч сынашты. 

Күрөштүн бул түрү боюнча орундар үчүн 35 өлкөдөн келген 145 спортчу күч сынашты. Кыргызстандын курамасы аялдар жана эркектер арасында бардык он эки салмактык категорияга катышты.  

Жыйынтыгында эркектер арасында кыргызстандык балбандар 4 медалга ээ болушту: 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло. 80 килограммга чейинки салмактык категорияда Эсенбек Кудайбердиев алтын медалга татыктуу болду. 

Балбан кыздарыбыз дагы өздөрүнүн оюн көрсөтүүсү жана натыйжалуулугу жагынан балдардан кем калышкан жок: Кыргызстандын курама командасынын капчыгы дагы төрт медаль менен толукталды. Алардын бири алтын, экөөсү күмүш жана экөө коло. Бахтияр кызы Нурзат чемпион болду. Ал 65 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашкан.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:

60 кг чейин:

1-орун – Кимсаноев Мардон (Өзбекстан) – жалпы байге фонду 70 миң сом;

2-орун – Ашыргелдиев Арслан (Түркмөнстан) – 35 миң сом;

3-орун – Неифриетуо Жунйу (Индия) – 17 миң 500 сом;

3-орун - Абрамов Алексей (Россия) - 17 миң 500 сом.

70 кг чейин:

1-орун – Рузиев Хусдиддин (Өзбекстан) - 70 миң сом;

2-орун – Шаршеналы уулу Мадаминбек (Кыргызстан) – 35 миң сом;

3-орун – Милжан Джуканович (Сербия) – 17 миң 500 сом;

3-орун - Медов Росимурат (Түркмөнстан) - 17 миң 500 сом;

80 кг чейин:

1-орун – Кудайбердиев Эсенбек (Кыргызстан) - 70 миң сом;

2-орун – Махкамов Камолиддин (Түркмөнстан) - 35 миң сом;

3-орун – Садыков Ленар (Россия) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Кулманбетов Айдос (Казакстан) - 17 миң 500 сом;

90 кг чейин:

1-орун – Калимуллин Реназ (Россия) - 70 миң сом;

2-орун – Артыков Зайлобиддин (Өзбекстан) - 35 миң сом;

3-орун – Жумаев Гылыч (Түркмөнстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Нурмамат уулу Сапармурат (Кыргызстан) - 17 миң 500 сом;

100 кг чейин:

1-орун – Батыров Сейди (Түркмөнстан)  - 70 миң сом;

2-орун – Мавлонов Обидали (Өзбекстан) - 35 миң сом;

 3-орун – Малдован Анатоли (Молдавия) - 17 миң 500 сом;

3-орун -  Быйретмурат Сиерик (Монголия) - 17 миң 500 сом;

100 кг жогору:

1-орун – Галиамов Мусса (Россия) - 70 миң сом;

2-орун – Лусиано Дел Рио (Аргентина)  - 35 миң сом;

3-орун – Келсинбеков Кадыр (Кыргызстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Бердыев Овезгелди (Түркмөнстан) - 17 миң 500 сом;

Аялдар арасында:

55 кг чейин:

1-орун – Бадагляева Лачын (Түрмөнстан) - 70 миң сом;

2-орун – Рыскулова Анара (Кыргызстан) - 35 миң сом;

3-орун – Сосе Баласанян (Армения) - 17 миң 500 сом;

3-орун -  Кайыпхан Акжол (Казакстан) - 17 миң 500 сом;

60 кг чейин:

1-орун – Мадраимова Зухра (Түркмөнстан) - 70 миң сом;

2-орун – Момунова Мээрим (Кыргызстан) - 35 миң сом;

3-орун – Махмудова Мафтуна (Өзбекстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Дусембаева Улжан (Казакстан) - 17 миң 500 сом;

65 кг чейин:

1-орун – Бахтияр кызы Нурзат (Кыргызстан) - 70 миң сом;

2-орун – Арайлым Канзада (Казакстан) – 35 миң сом;

3-орун – Кайли Вос (Нидерланды) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Овлякуляева Жемал (Түркмөнстан) - 17 миң 500 сом;

70 кг чейин:

1-орун – Реналда Гедытутё (Литва) - 70 миң сом;

 2-орун – Шайыпбекова Перизат (Казакстан) - 35 миң сом;

 3-орун – Мамажонова Дилафруз (Өзбекстан) - 17 миң 500 сом;

 3-орун - Фролова Елена (Россия) - 17 миң 500 сом;

75 кг чейин:

1-орун – Суркиева Насиба (Түркмөнстан) - 70 миң сом;

2-орун – Ликун Сандра (Польша) - 35 миң сом;

3-орун – Худойбердиева Бегзода (Өзбекстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун -  Мамарасул кызы Алтынай (Кыргызстан) - 17 миң 500 сом;

75 кг жогору:

1-орун – Туба Уна Светлана (Сербия) - 70 миң сом;

 2-орун – Зутова Гозаль (Азербайжан)  - 35 миң сом;

 3-орун – Кебадзе Елене (Грузия) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Сарбашова Нагира (Кыргызстан) - 17 миң 500 сом.