06.09.2018 19:03

Ашыртмалы аба гюреши боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

6-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы (Ысык-Көл облусу) Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде Ашыртмалы аба гюреши боюнча мелдештер болуп өттү. Мелдешке 18 өлкөдөн 41 спортчу катышты. 

Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин тизмеси:

65 кг чейин:

1-орун – Курданкулов Ауезхан - Казакстан – байге фонду 70 миң сом;

2-орун – Тагизадехари Реза – Иран – 35 миң сом;

3-орун – Закиров Илнар – Татарстан (Россия) – 17 миң 500 сом;

3-орун – Биктимиров Данил – Челябинск (Россия) -17 миң 500 сом.

80 кг чейин:

1-орун - Кудайбердиев Алишер - Өзбекстан – 70 миң сом;

2-орун – Атаев Ишанмурат – Түркмөнстан – 35 миң сом;

3-орун – Усенов Тариел – Кыргызстан – 17 миң 500 сом;

3-орун – Шаимуканов Курманга – Башкыртстан (Россия) - 17 миң 500 сом;

Абсолюттук салмактык категория:

1-орун – Кожобеков Нурбек - Кыргызстан – 70 миң сом;

2-орун – Дорж Анар - Монголия -35 миң сом;

3-орун – Али Тасбору – Түркия - 17 миң 500 сом;

3 -орун – Носиров Ислом – Өзбекстан - 17 миң 500 сом.

Маалымат үчүн: Ашыртмалы аба гюреши – гюреш түрк күрөшүнүн салттуу түрүнүн бири. Атаандаштын кийиминин жана денесинин каалаган жеринен кармап жыгуу Ашыртмалы аба гюрешинин негизги өзгөчөлүгү. Күрөшүү техникасы бутту колдонуу, белден жана чапандан, же бир бутунан жана белинен кармап жыгуу сыяктуу ар түрдүү ыкмаларга бай. Кармашуу улуттук аспаптар - барабан (давул) жана үйлөмө аспаптардын (зурна) чертилүүсү менен коштолот.

Аба гюреши жаңыдан башталганда атаандаштар колдорду чыгаруу үчүн тиликтери бар кыска жамынмаларды же кой (аба) терисинен жасалган күрмөлөрдү кийип чыгышкан, ошого жараша да аба гюреши деп аталып калган. Түрктөр дайыма, ал тургай тынчтык убактарда да согушка даяр турушкан. Ошондуктан күрөш менен алектенүү дене тарбиясы үчүн гана каражат болуп кызмат кылбастан, өспүрүмдөр менен эркектердин аскердик даярдыгынын маанилүү элементи болуп саналган.