21.07.2016 18:00

Ат майданы Алмазбек Атамбаев тарабынан тартылган гранттык каражаттарга курулуп жатат

II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата курулуп жаткан ат майданынын курулушу өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан тартылган  гранттык каражаттардын негизинде жүрүп жатат. Бул тууралуу 11-июлда Бишкекте өткөн брифингде Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков маалымдады.

Сапар Исаков: “Бизде бүтүндөй бир уюштуруу комитети иштейт. Иштер план боюнча жүрүп жатат. Жакында коомчулукка кененирээк тартуулана турган бизнес-план даяр болорун айткым келип турат. Анда ат майданына жумшалган каражаттар тууралуу кененирээк жана так маалыматтар берилип, далилденет. Белгилей кетсем, ат майданы Алмазбек Атамбаев тарабынан тартылган гранттык каражаттарга курулуп жатат. Алар аныкталган тартипте бюджетке кошулуп, азыркы убакытта керектүү каражаттарга бөлүнүүдө. Бул тууралуу терс ой-пикирлерин билдирген жарандарга айтарым, мындай объект бизде алгачкы жолу курулуп жатканына карабастан, ага жумшалып жаткан каражаттар салык төлөөчүлөрдүн акчасы эмес” – деп айтты.

Ошондой эле, Кыргызстанда мындай пландагы объекттерди көбүрөөк куруш керек деген ой-пикири менен да бөлүштү.

“Мындай объекттерди: ат майдандарын, стадиондорду, спорт ордолорун, жолдорду ж.б.  көбүрөөк куруп баштай турган мезгил келди деп ойлойм. Өлкө бир калыпта турбастан, алдыга карай жылышы керек” – деген Исаков бардык пландалган объекттердин курулушу өз убагында аяктайт деген ишеничин да билдирип өттү. 

Алынган булак: АКИpress