15.05.2016 12:00

Бишкек шаарынын борборунда ДКО карата күн саноочу саат орнотулат

2016-жылдын 15-майында Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында убакытты артка саноочу саат орнотулуп, ал саат Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына чейин кое берилет.

Аталган курулуштун узундугу 3,5 метр, бийиктиги 4,3 метр жана туурасы 1,2 метрди түзөт.

Сааттын сөөгү темирден курулуп, улуттук стилде кооздолгон тунук аппликациялык пленка менен капталган. Түн киргенде жарыктандырылып, күйүп турат.

Сааттын ДКО 2016 башталганга чейин 111 күн калганда санап баштайт.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын катчылыгы, Этноспорт конфедерациясынын көмөгү менен сааттын ачылыш аземинде кол өнөрчүлөр жарманкесин 120 темир ооз комузчулар, Ак ниет элчилер ДКО 2016 – Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Жийдеш, Аяна, Айыма, Гүлзада ырчылардын катышуусунда концерттик номерлер аткарылат. Ошондой эле Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары катчылыгынын өнөктөштөрү тарабынан промо-акциялар өткөрүлүп, байгелер ойнотулат.

Кошумча аянтчада баардык калоочуларга тогуз коргоол, ордо, салбуурун, топ таш, аркан тартыш ж.б. оюндар боюнча мастер класс уюштурулат.

Салтанаттын расмий ачылышын Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Гульмира Кудайбердиева ачат.

Бүгүнкү учурда жогоруда айтылган саат Орто Азия боюнча биринчилерден болуп Кыргыз Республикисында орнотулууда.

ДКО 2016 катчылыгы баардык шаардын тургундарын, конокторду тарыхый, маанилүү иш чарага чакырат.

Иш чаранын өткөрү мөөнөтү: 15-май 2016-жыл.
Орду: Бишкек шаарынын Борбордук “Ала-Тоо” аянты.
Башталышы: 18:00