18.08.2016 11:13

Борбордук Азиянын байкерлери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында биринчи мотожүрүш уюштурушат

Борбордук Азиянын байкерлери Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөн жолу” деп аталган алгачкы эл аралык мотожүрүштү уюштурушат. 

Бул жүрүш 2016-жылдын 31-августунда Тажикстандын Душанбе шаарына жакын жайгашкаш Варзоб тоолорунда башталат. Андан соң акция катышуучуларынын жүрүш жолу Борбордук Азиядагы үч мамлекеттердин – Тажикстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын шаарларын жана аймактарын камтыйт. Жүрүштө байкерлер Анзоб, Шахристан, Көк-Бел, Ала-Бел, Өтмөк, Кордай ашууларын ашып өтөт.

“Көчмөн жолу” Чычкан жана Боом капчыгайы аркылуу да уланмакчы. 

Байкерлер кооз жана кызыктуу жерлерди да көз жаздымда калтырбай, Сулайман Тоого, Өзгөн архитектуралык комплексине, “Манас”, “Тектурмас”, “Карахан” мавзолейлерине, археологиялык жана архитектуралык музей- Бурана мунарасына, “Коне Тараз” археологиялык парк-музейине барат.

Кыргызстандын мотоциклисттер коомунун төрагасы Аскат Сеитбековдун билдиргенине караганда, “Көчмөн жолу” деп аталган алгачкы мотожүрүштүн уюштуруучулары Кыргызстандын мотоциклисттер коому, Тажикстандын “IRBIS MCC” мотоклубу, Казакстандын “Live2Ride” коомдук биримдиги  жана Өзбекстандын байкерлери болот.

Иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын таанымалдуулугун арттыруу, көчмөн элдердин тарыхын жана кадаа-салттарын сактоо, ошондой эле мото маданиятын жана аталган өлкөлөрдүн туризмин өнүктүрүү максатында өткөрүлөт. Мындан сырткары, жүрүш Борбордук Азия мамлекеттериндеги байкерлердин достук  мамилесин өнүктүрүүгө чоң кадам болмокчу.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы