05.08.2016 08:44

ДКОна катыша турган КРнын тогуз коргоол боюнча курама командасынын курамы аныкталды

Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катыша турган КРнын спорттун улуттук түрү тогуз коргоол боюнча курама командасынын курамы аныкталды.

Чыңгыз Айтматовдун жана Өмүр Касмакуновдун элесине арналып уюштурулган Эл аралык турнирлердин учурунда, V Борбордук Азиянын Ачык Кубогунда жана КРнын Чемпионатында спортчуларды тандоо жүргүзүлгөн.

Команданын курамында 4 спортчу бар. Спортчулар башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратованын жетекчилиги астында катышат.

Команданын курамы:

Анарбек Джамакеев 02.11.1993 КР ЭАДСЧ Чуйская обл.
Кубан Сазаев 04.09.1989 КР СЧ Таласская обл.
Аида Керимбекова 15.07.1992 КР ЭАДСЧ Таласская обл.
Лязат Райымбекова 24.05.1993 КР СЧ Таласская обл.

Эскерте кетсек, экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 3-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл обл.) өтөт.

Алынган булак: КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы