10.08.2016 10:51

ДКОнда өрт коопсуздугун 50 атайын техника жана 200дөн ашуун куткаруучу камсыз кылат

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун учурунда өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн КР Өзгөчө кырдаал министрлигинин 55 бирдик атайын техникасы жана 207 өрт-куткаруучу тартылмакчы.

Өрт-куткаруучулар спорттук жана маданий-массалык иш-чара өтүп жаткан, эл көп болгон жерлерде, ар кандай чукул кырдаалдар жаралбас үчүн кезекте турушат, керек болгон учурда ыкчам мамиле кылып, алдын алышат. 

Мындан тышкары, Оюнду өткөрүү учурунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуучу-спортсмендердин, чет мамлекеттин расмий делегациясынын, туристтердин жана жарандардын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Кырчын – Каракол – Бишкек стратегиялык автожолуна туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлөт.  

Белгилеп кетсек, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы