08.08.2016 11:15

ДКОнын катчылыгы Оюндарды тасмага түшүрүүдөгү айрым эрежелер тууралуу маалымдайт

Үстүбүздөгү жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көл жергесинде өтө турган II Дүйнөлүк көчмөн оюндарынын өзгөчө маанилүүлүгүн жана масштабдуулугун эске алуу менен, иш-чараларды уюштуруучулар жана укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча, анын ичинде Оюндар өтө турган жерлерде тартуу иштерин жүргүзүү учурунда зарыл болгон бардык чаралар кабыл алынат.

Келген меймандар, туристтер, Оюндарга катышуучу-спортчулар арасында ар кандай кырсыктарды болтурбоо максатында, Көчмөндөр оюндарынын ачылыш (3-сентябрь) жана жабылыш (8-сентябрь) аземинде пилотсуз абада учуучу аппараттарды (дрондорду) колдонууга тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошондой эле, дрондорду колдонуу менен тартуу иштери 28-августтан тартып 2-сентябрга чейинки Оюндар өтө турган бардык объектилерде даярдануу учурунда да тыюу салынат.

Ошол эле учурда, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү 4-7-сентябрда Кырчын капчыгайында, Ипподромдо жана дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде өтө турган спорттук жана маданий иш-чараларды дронду колдонуу менен тартууга мүмкүнчүлүк алышат, бирок Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы менен макулдашкандан кийин гана.

Уруксатсыз тартуу иштери жүргүзүлгөн учурда пилотсуз учуучу аппараттар кулатылат.

Бул эреже тууралуу тиешелүү эскертүүчү каттар Дүйнөлүк көчмөн оюндарын чагылдыруу үчүн аккредитациядан өткөн бардык ММКларга жиберилүүдѳ.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы аккредитацияланган бардык ММКды тартуу иштерин жүргүзүүдө абада учуучу аппараттарды колдонуу боюнча зарыл болгон шарттарды сактоого чакырат.

Ошондой эле, Көчмөндөр оюндарын көрүүнү каалаган жарандардан өздүк тартуу үчүн дрондорду колдонбоону суранабыз.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандар бул чараларды түшүнүү менен колдоого алат деп уюштуруу комитети ишенет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы