19.04.2016 12:00

“Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” волонтерлугуна арыз жазуу мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылды


II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына  волонтер катары катышкысы келгендердин саны улам артып жаткандыктан  “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” волонтерлугуна арыз жазуу мөөнөтү 2016-жылдын  30-апрелине чейин узартылды.

Республикалык “Манас” жаштар ордосунун маалыматы боюнча азыркы күндө 1400дөн ашык арыз топтолду. Негизинен Оюндарга карата жүргүзүлгөн даярдыктарга жана иш-чараны өткөрүүгө болжол менен 700 волонтер катышат.

Секретариат Республикалык “Манас” жаштар ордосу жана КРнын Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясы менен биргеликте өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Азыркы тапта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, КРнын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Кыргыз экономика университети, КРнын Эл аралык университети, Борбордук Азиянын Америка университетинин, Калый Молдобасанов атындагы  Кыргыз улуттук консерваториясынын, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик университетининғ С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт жогорку мектебинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин студенттери менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуулар аймактагы ЖОЖ студенттери менен да өткөрүлмөкчү.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына ак ниеттүү, эмгекчил, жардам берүүгө жана өз ара иштешүүгө дайым даяр болгон, жоопкерчиликтүү, мамиле түзө билген, шамдагай жана чыдамкай волонтерлор талап кылынат.

II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын волонтерлору үчүн эл аралык деңгээлдеги иш-чарага катышууга, уникалдуу тажрыйбаны топтоого, Оюндарга ичтен күбө болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын уюштуруучулары базалык шарттарды (жашаган жери, тамак-ашы, даярдыктар жана иш-чара учурунда жол жүрүү, сертификат) түзүп берет. Ошондой эле волонтерлуктун пайда болуу тарыхы, Кыргызстандын тарыхы жана маданияты, дипломатиялык протокол жана  жүрүм-турум эрежелери, спорттун улуттук түрлөрү  боюнча окутуп-үйрөтүүчү семинарлар өткөрүлөт. Мындан сырткары волонтерлор топту түзүү, коммуникация (лидерлик), PR, SMM, медиа, тайм менеджмент, логистика, биринчи медициналык жардамды көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдар боюнча тренингдерге катышат.

Волонтерлорду тандоо 3 этапта өткөрүлөт:

  1. 6-апрелден 30-апрелге чейин волонтерлук анкетасын толтуруу;
  2. Алдын ала интервью, же аймактагы волонтерлор үчүн скайп аркылуу интервью. Конкурстук комиссиянын катышуусундагы жыйынтыктоочу интервью  жана үйрөнүү иштерине катышууга керек болгон документтерди даярдоо;
  3. Волонтерлорду даярдоо (31-майга чейин).

Волонтерлорду тандоо жана даярдоо Республикалык “Манас” жаштар ордосунун техникалык базасынын негизинде өткөрүлөт.

Арыздар КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик  агентствосунун сайтында www.sport.gov.kg же болбосо Республикалык  “Манас” жаштар ордосунун сайтында www.youthpalace.kg кабыл алынат. Эскерте кетсек, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Ысык-Көлдө 3-сентябрь күнү башталмакчы.

Кошумча маалымат:
Волонтер – волонтерлук ишмердүүлүгүнүн принциптерине таянып, аны аткаруу менен волонтерлукка салым кошкон адам. Волонтер социалдык маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышына өз салымын кошуу менен акысыз иштейт.