21.06.2016 12:00

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына 40 өлкөнүн өкүлдөрү чакырылды


КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаевдин РИА Новостиге берген интервьюсунда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына 40ка жакын мамлекеттин өкүлдөрү чакырылгандыгын билдирди.

“Бул жылы Көчмөндөр Оюндары 2014-жылдагыга салыштырмалуу жогорку деңгээлде өтөт. Ал Оюндарга биз бир нече ай эле даярданганбыз. Ал эми 2016-жылдагы Оюндарга даярдыктар план боюнча өтүп жатат. Биринчи Оюндарда улуттук спорттун 10 гана түрү боюнча мелдештер өтсө, мында анын саны 23кө жетет. Ошондой эле Оюндарга катышуусу үчүн 40 мамлекет чакыруу алды” – деди Акибаев.  

Өкүл белгилеп кеткендей, Көчмөндөр Оюндары – көп сандаган туристтер да чакырылган этноспорттук туризм фестивалы болуп саналат. Кыргызстандын бийлиги “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары” республиканын туризм боюнча бренди болоруна ишенет.

Аскат Акибаев: “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары – биздин продукт, бизге таандык. Бизге башка мамлекеттерге барып ушул сыяктуу фестивалдарга катышууга, же 8 жыл Олимпиадага даярданып баруунун кажети жок. Бул андан да жөнөкөй деңгээлдеги оюндар. Олимпиада байлар үчүн. Дүйнөдө 200дөн ашык мамлекет бар. Алардын бардыгында эле Олимпиаданы өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү болбойт. Ал эми дүйнөлүк этнооюндардын алкагында каалаган өлкө өзүн тааныта алат. Бул жаңы формат, ар бир мамлекет өзүнө таандык шаарчанын үлгүсүн – вигвамдар, боз үйлөр, чатырларды көрсөтүүгө коё алат. Биздин милдетибиз ар бир өлкөнүн ар тараптуулугун жана кооздугун көрсөтүү” – деп белгиледи.

Мындай сыяктуу оюндардын негизги мааниси мелдештер эмес, оюндардын көрктүүлүгү жана көпчүлүктүн ага болгон кызыгуусуна негизделет.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен экинчи ирет Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. 2014-жылы Оюндарга көптөгөн мамлекеттен, мисалы, Азербайжан, Австрия, Афганистан, Бразилия, Германия, Монголия, АКШ жана Орусиядан  ж.б. келген 300 жакын спортчулар катышкан. Мелдештердин программасында улуттук спорттун түрлөрү, алардын арасында ат жарыштар, көк-бөрү, эр-эңиш, тогуз коргоол, мангала сыяктуу интеллектуалдык оюндар жана “Салбуурун” улуттук аңчылык мелдештери камтылган. Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын 3-8-сентябрда Ысык-Көл облусунда өткөрүү пландалган.

Алынган булак: КирТАГ