02.08.2016 22:00

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катыша турган КРнын кыргыз күрөшү боюнча курама командасы аныкталды

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катыша турган КРнын кыргыз күрөшү боюнча курама командасынын курамы аныкталды.

Команданын  курамы  25-апрель күнү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда  өткөн Кыргыз Республикасынын чемпионатынын жыйынтыктары боюнча аныкталып, ага  ар кайсы категориядагы 7 күрөшчү кирди.

Спортчулар КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Майрамбек Атабековдун  жетекчилиги астында катышат.

Команданын курамы:

Тынчтыкбек уулу Бекзат 19.06.1994 КР СЧ 55 кг
Сымбатбек Алымбеков 05.12.1991 КР СЧ 60 кг
Зиямидин Садыбеков 04.06.1993 КР СЧ 66 кг
Тариел Усенов 18.10.1990 КР СЧ 74 кг
Бектуркан Кожомуратов 12.05.1995 КР СЧ 84 кг
Кожобеков Нурбек 22.05.1988 КР ЭАДСЧ 96 кг
Кушубаков Бекболсун 26.11.1985 КР ЭАДСЧ +96 кг

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Чолпон-Ата  шаарында (Ысык-Көл облусу) 3-8-сентябрда өтөт.

Алынган булак: КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы