14.06.2016 14:00

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында венгриялыктар өзүнүн улуттук оюндарын көргөзөт


КирТАГдын шейшемби күнү билдирген маалыматы боюнча, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында венгриялыктар өзүнүн улуттук оюндарын көргөзөт.  

КР Өкмөтүнүн аймактагы толук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндөгү басма сөз кызматынын кызматкери Жаныбек Кожоев: “Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында венгриялыктардын улуттук оюндарына күбө болобуз. Алар өзүн көчмөн калк катары атаганынан улам Оюндарга катышууну каалап жаткандыгын билдирди” – деди.

КР Өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү толук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жакында аймактын толук ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев Венгриянын чоң курултайынын төрагасы Андраш Жолт Биро менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда венгриялык делегациянын экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышуусу тууралуу жана биргелешип иш-чараларды өткөрүүнүн перспективалары тууралуу маселелер талкууланды.

“Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын жана Венгриянын чоң курултайын өткөрүү  демилегелери бири-бирине уйкашып турат жана көчмөн цивилизациясынын мурасын изилдөөгө негиз түзүп берүүдө. Бирок эң негизгиси алар дүйнөдөгү мамлекеттерди бириктирип, ошол эле учурда улуттук маданияттын, философиянын тереңдигин  жана көчмөн элдердин тарыхынын  ар түрдүүлүгүн жана колоритин көрсөтүп турат” – деп А. Акибаев баса белгиледи. 

Облустун башчысы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу да сөз кылды.

Толук ыйгарым укуктуу өкүл: “Бул жылы Оюндардын жана айрым мелдештердин ачылыш аземи жаңы, бардык эл аралык стандарттарга жооп берген ипподромдо өтөт. Ысык-Көл облусунда “Газпром” ААКсы тарабынан курулуп жаткан көчмөн цивилизациясы  борборунун спорттук жана форумдук комплекси жакынкы арада ишке киришет. Кырчын жайлоосунда боз үйлөр тигилген этношаарча орнотулат жана  ал жакта “Дүйнө элдеринин оюндары” ж.б. маданий иш-чаралар жана этноспорттук мелдештер өткөрүлөт. Дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде Оюндарды таанытуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Биздин иш-чараларга 40тан ашык мамлекттин  делегациялары чакырылды” – деп билдирди.

Алынган булак: КирТАГ