06.04.2016 12:00

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын башталышы алдында Ысык-Көлдөгү спорткомплекстер өнүктүрүлүүдө


Ысык-Көл облусунда дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси, ошондой эле ипподромдун курулушу жүрүп жатат деп аймактагы Өкмөттүн өкүлү Асхат Акибаев билдирди. Шаршемби күнү Каракол шаарында Дене тарбия жана Спорт ишмерлеринин күнүнө арналган иш-чара уюштурулду.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктар бул иш-чаранын негизги темасы болду.

 “Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо боюнча комплекстин, ошондой эле  ипподромдун курулушу жүрүп жатат, ал эми Кара-Колдо спорт мекемелери калыбына келтирилип, 13 объект курулууда”, – дейт облустун башчысы. 

Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт облустук башкармалыгынын жетекчиси Саматбек Деркембаевдин билдирүүсүнө караганда Ысык-Көл районунда 467 спорт объектиси иштеп жатат. 

II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын бул жылы күзүндө өткөрүү пландалып жатат (3-8-сентябрь). Иш-чаралардын программасына спорттун 26 улуттук түрү камтылды. Болжолу менен 40 команданын келиши күтүлүүдө.

Алынган булак: Sputnik Кыргызстан