26.05.2016 16:32

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын башталышына 100 күн калды


Бүгүн, 26 май, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына 100 күн калды.

2016-жылдын 3-8-сентябрда аталган оюндар, Чолпон-Ата шаарында өткөрүлмөкчү. Ал багытта, эл аралык талаптарга ылайык 10 миң орундуу ат майдандын курулуш иши кызуу жүрүп жатат.

Иш-чара эки жерде өткөрүлөт – Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жана көз жоосун алган “Кырчын” жайлоосунда.

Иш-чаранын ири ачылыш  аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 3-сентябрь күнү болот. 3D шоу, жергиликтүү жана чет өлкөлүк жылдыздар ырдап, бийлешет, көчмөн элинин тарыхын, маданиятын чагылдырган театрлаштырылган шоу – иш чараны канчалык деңгээлде масштабдуулугун Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына келип, көрүп гана сезүүгө болот.

4-7-сентябрда күндүзү - спорттук оюндар, ал эми кечкисин - концерттик программалар менен маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Маданий-жамааттык эс алуулар Семеновск капчыгайындагы “Кырчын” жайлоосунда “Көчмөндөр Ааламы” фестивалында уюштурулат.

Жогоруда аталган фестивалдын алкагында 200дөн ашык боз үйдөн турган айыл тигилет, көчмөн элдеринин маданияты чагылдырылган, этноспорт оюндарынын (салбуурун, жаадан атуу, ат оюндары жана башкалар), тандалган 23 спорт оюндун түрүнөн мелдештер уюштурулат.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын расмий жабылыш аземи 8-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында ѳтѳт.

Ошондой эле ДКО 2016га даярдык иретинде мамлекет ичинде жыл башынан тарта ар кандай иш-чаралар уюштурулууда.

Анын бири Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында ДКО 2016нын башталышына чейинки убакытты көрсөтүп турган, убакытты артка санаган сааттын ачылыш аземин айтсак болот.

2-3-июнда Ош шаарында “Этномаданият” фестивалын “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясы жана ДКО 2016ные катчылыгы биргелешип өткөрөт.

3-5-июнда Бишкек шаарында Орто Азия боюнча эл аралык бий олимпиадасы уюштурулмакчы. Аталган иш-чара 3 күнгө созулуп, 52 бий багытында, 10 мамлекеттен 2000ден ашуун бийчи катышат. Финалистерге ДКО 2016га катышууга жолдомо тапшырылат.

5-июндан тарта Бишкек шаарында “Кыргыз айылы” долбоору старт алат – демонстративдүү-көргөзмө иш-чарасында кыргыздын каада салттары, салтуу жашоо-тиричилигинин элементтери, кыргыздын улутук дастаркону, декоративдүү кол өнөрчүлүк исскуствосу чагылдырылат. Шаар тургундарына жана келген конокторго устукан тартуу жана боз үйдү тигип кайра жыйноо боюнча мастер класстар уюштурулат.