02.09.2018 17:54

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: сандар жана фактылар

Кыргызстан эл аралык мамилелердин структурасында

 1991-жылдын 31-августунда көз карандысыздыгын жарыялаган Кыргызстан “Көз карандысыздык жөнүндө декларациясында” Кыргызстандын тышкы саясаттагы көз карандысыздыгын калыптандыруунун негиздерин түптөгөн.

    Кыргыз Республикасы дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекети менен дипломатиялык мамиле түздү. 22 өлкөдө Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары иштеп жатат. Республиканын  БУУда, Женевадагы эл аралык уюмдардын алдында, Европа Биримдигинин алдында Брюсселде жана ЕККУда Венада дипломатиялык  өкүлдөрү бар.  

   Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстан 77 эл аралык уюмга, таграагы БУУда, БУУнун илим, маданият жана билим берүү маселелери боюнча уюмунда (ЮНЕСКО); Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда (ВОЗ); Европа коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунда; Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтык уюмунда (КМШ); Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинде (ССТГ); Евразиялык экономикалык союзда; Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда (ЖККУ); Шаңхай Кызматташтык уюмунда (ШКУ); ШКУнун терроризмге аймактык каршы күрөшүү борборуна; Түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлеринин кеңешине (ТҮРКСОЙ) жана башка эл аралык уюмдарга мүчө.

Салтанаттын ачылышы

2-сентябрда саат 20.00дө Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында  III Бүткүл дүйнөлүк көчмөңдөр оюну салтанаттуу ачылат.

Оюндун башкы максаты – көчмөңдөрдүн маданиятын кайра жандандыруу жана сактоо, маданияттын көп түрдүүлүк демилгесин, улуттук спортту даңазалоо  жана маданий диалогду тереңдетүү болуп саналат. Оюнду өткөрүү өлкөнүн туристтик потенциалын көтөрүүнү жөнгө салат.

Иш-чаранын жүрүшүндө 1,5 адам катышкан театралдык оюн-зоок көрсөтүлөт. Алардын арасында ар түрдүү жанрдагы артисттер, ошондой эле цирк, драма, балет өнөрлөрүнүн ээлери, каскадерлор, музыканттар  өнөр тартуулашат.

    Жаңы технологияларды пайдалануу менен  көрсөтмө көчмөндөрдүн философиясын  баяндап берет. Бардыгы 70 сүрөттү камтыган 9 эпизод көрсөтүлөт. Коюлган көрсөтүүлөр бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр демилгеси менен кыргыздардын уникалдуу мурасы – улуу “Манас” эпосу жана улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы байланышат. 

Андан ары Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын, спорт делегаттары менен  чыгармачыл жамаатттын өкүлдөрү бирге параддан өтүшөт.

 III Көчмөндөр оюнунун талисманы

Илбирс- өтүп жаткан Көчмөндөр оюнунун талисманы болуп кабыл алынды. Илбирс байыртадан кыргыз эли үчүн ыйык жаныбар, жоокердин колдоочусу  катары  эсептелген. Илбирстин образы легендаларга жана жомокторго бай, ал сулуулукту, кайраттуулукту жана эркиндикти даңазалайт. Жаныбарларга, жаратылышка өзгөчө мамиле кылуу кыргыздардын көчмөн маданиятына мүнөздүү. Илбирстин образы бир гана кыргыздын тарыхы менен байланыштуу эмес, ага белгилүү адабий чыгармалар, кинотасмалар да арналган.

Кыргызстандын борбору - Бишкек шаарынын гербинде жана желегинде илбирс чагылдырылган. Дүйнөдө илбирстин саны 3 миңден 7 миңге чейин деп эсептелинип, Кызыл китепке киргизилген. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  маанидеги милдеттердин бири – бул сейрек жаныбардын экосистемасын сактоо. 

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманынын көркөм образын - коюучу-сүрөтчү, режиссер-аниматор  Толукбек Койчуманов түзгөн.

   Анын айтымында, Илбирсти талисман катары көрсөтүүнүн мааниси, аны сактоо маселеси менен байланышкан. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун конокторуна жана чакырылгандарга сый-урмат катары илбирстин келбетиндеги блек тартууланат.

ДКОнун тарыхы

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2014-жылдын 9-14-сентябрында өткөрүлгөн. Спорттук мелдештерге 19 өлкөдөн 771 адам катышып,  спорттун 10 түрү боюнча 30 комплект медаль ойнолгон.  Жалпы сыйлык фондусу 16 миллион сомду түзгөн.

Жалпы командалык эсеп:

1-орун - Кыргызстан

2-орун - Казакстан

3-орун - Түркмөнстан

Экинчи Көчмөндөр оюндары 2016-жылдын 2-8-сентябрында өткөрүлгөн. Ага 62  өлкөдөн 1200 спортсмен катышкан. Ар түрдүү элдердин өкүлдөрү спорттун 23 түрү боюнча мелдештерге катышышкан. Жалпы сыйлык фонду 28 млн 400 миң сомду түзгөн.

Жапы командалык эсеп:

1-орун  – Кыргызстан

2-орун - Түркмөнстан

3-ору – Казакстан

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2-8-сентябрында өтөт. Программага спорттун 37 түрү киргизилген: ат чабыштар, ат оюндары, улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер, салттуу интеллектуалдык оюндар,  күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер, салттуу жаадан атуу, “Салбуурун” улуттук аңчылык өнөрүнүн түрлөрү жана башка оюндар кирди. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 66 өлкөдөн жана Россиянын бир катар субъекттеринен 1556 адам катышууну билдиришкен. Спорттук оюндарда бардыгы - 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш, 247 коло) ойнотулат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы сыйлык фонду - 28 миллион сом.

Бостери айылындагы «Nomad» амфитеатрында 4-7-сентябрда өтө турган  “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалына катышууга 30 өлкөдөн 400 адам келди.

Эл аралык басма сөз журналисттериин катышуусу

Ири иш-чараны чагылдыруу үчүн Кыргызстанга дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн чет элдик ЖМКнын 500дөн ашык өкүлдөрү келишти. Анын ичинен 500ү телеканал, 12си радио, 67си маалымат агенттиги, 48и гезит, 50сү блогерлер.

Алардын ичинен BBC радиосу, Казахстандын “Хабар” телеканалы, «Канада журналы «Journal of Nomads», «Aljazeera network», CCTV кытай телеканалы, The New York Times, National Geographic Society, Associated Press, “NRC-newspaper” улуттук күндө чыгуучу нидерланд гезити, “Abu Dhabi Media” Бириккен Араб Эмираттарынын телеканалы, Associated Press, «МИР» МТРКсы, «Россия  сегодня», “России”,  «ТАСС», “Интерфакс” маалымат агенттиктери,  “German TV ZDF”, Матч ТВ, Анадолу агенттиги, TRT TRT EL Arabia, НТРК «Өзбекстан» телеканалдары «Маданият ва маърифар», «Urkpress.info» маалымат агенттиги, «Image.ua» эл аралык журналы, Француз ALTAPRESS, France Televisions, МИА “Франс Пресс”, Немецкий Sputnik news Deutschland, «Корелла Фильм» эстон киностудиясы, Японская информационная агенство «Tosei» япон маалымат агенттиги жана башкалар келишти.

Кыргызстандык ЖМКлардын катышуусу

Ата мекендик 70ке жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын 700дөн ашуун өкүлдөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырмакчы. Ага 26 интернет басылмалары, 7 радио, 30 мамлекеттик, облустук, жеке телеканал, 12 басма сөз кирди.

ДКОнун жогорку даражалуу меймандары

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары, ошондой эле Венгриянын премьер-министри катыша тургандыгын билдиришти.

Быйыл III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын парадына катышуучулардан сырткары, Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев, олимпиаданын күмүш багйгесинин ээси Канатбек Бегалиев, коло медалдын ээси Руслан Түмөнбаев, Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова, Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Каныбек Жолчубеков, Иззат Артыков жана башкалар катышат. Мындан сырткары,  бир катар өлкөлөрдүн маданият, спорт жана туризм министрлери, чет элдик 6 телеканалдардын жетекчилери катышат.