17.08.2016 14:26

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган коллекциялык тыйындар бир күндүн ичинде сатылып бүттү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган коллекциялык күмүш тыйындар үстүбүздөгү жылдын 15-августунда чыгарылып, бир күндүн ичинде сатылып бүттү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдиргендей, бул Улуттук банктын тарыхында болуп көрбөгөн окуя. Коллекциялык тыйындар өтө кыска убакыттын ичинде - Улуттук банктын Бишкектеги кассасында бир күнгө жетпей сатылды.

Коомчулуктун, нумизматтардын гана эмес, көркөм өнөрдүн баалоочуларынын да бул тыйындарга болгон кызыгуусунун бир нече себеби бар.

Биринчи кезекте, тыйындардын чыгарылышы Кыргыз Республикасында өтө турган чоң иш-чара – Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр  оюндарынын өткөрүлүшү менен дал келүүдө. Экинчиден, тыйындар саналуу гана өлчөмдө - 1000 даана болуп чыгарылган. Тыйындардын өзгөчө дизайны да маанилүү орунга ээ.  Анын түзүлүшү төрт бурчтук формада болуп, ага технологиялар мыкты деңгээлде колдонулган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы

Кошумча маалымат.

 “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” тыйындарынын бетинде ар кыл оюндарга жана мелдештерге катышкан көчмөндөр чагылдырылган.

Тыйындын борборунда тампондук мөөр менен коюлган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби орун алган. Тыйындын тегерегинде “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/World Nomad Games” деген жазуу бар. Алдыңкы жагында тыйындын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн, тыйындын оордугу 31,10 жана тыйындын пробасы (Ag 925°). 

Тыйындын арткы тарабынын ортосунда Кыргыз Республикасынын гербин жана боз үйдү көрүүгө болот. Астыңкы бөлүгүндө тыйын чыгарылган жыл (2016) чегилген.