07.09.2016 18:19

Эң мыкты боз үй конкурсун Нарын облусу жеңди

Бүгүн, 2016-жылдын 7-сентябрында Кырчын жайлоосунда ДКО алкагында өткөн эң мыкты боз үй конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды.

Жеңүүчүлөрдү аныктоодо конкурстук комиссия боз үйдүн сырткы жана ички көрүнүшүнө, боз үйдү жасалгалоо эрежелеринин канчалык деңгээлде сакталгандыгына,  боз үйдүн өлчөмүнө жана туура тигилишине өзгөчө көңүл бурду.

“Кыргыз айылы” этношаарчасында тигилген көптөгөн боз үйлөр көрүүчүлөрдү жана келген меймандарды өзүнүн сырткы көрүнүшү жана ички жасалгасы менен таң калтырбай койгон жок. Боз үй ээлери ой чабытын чектебестен көчмөн турак-жайларын териден, сөөктөн, булгаарыдан ж.б. жасалган кол өнөрчүлүк буюмдары менен кооздогон. Конкурста гран-приге жана 300 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка Нарын облусу ээ болду.

1-орун жана 200 миң сом – Ысык-Көл облусу, 2-орун Бишкек жана Ош шаарлары. ар бирине 130 миң сомдон берилди, 3-орун Жалал-Абад, Чүй, Талас облустары, ар бирине 80 миң сом ыйгарылды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы