07.09.2016 17:32

Эр эңиштин жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 7-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда эр эниш боюнча финалдык бетеш өткөрүлдү.

Спорттун бул түрүндө үч салмактык категория боюнча (70 кг чейин, 90 кг чейин, 90 кг жогору) Кыргызстандан, Казакстандан, Орусиядан, Кытайдан, Венгриядан, Монголиядан, Ооганстандан келген   25 спортчу катышты.

70 кг чейинки салмактык категорияда алтын медалга кыргыз спортчусу Бузурманкул уулу Калыбек (1993-ж.) ээ болуп, финалдык беттеште ал казакстандык Ерназар Байгоноевди (1991-ж.) жеңип чыкты. Бул салмактык категорияда коло медалга кытайлык спортчу Акату Дуйшон уулу (1990-ж.) татыктуу болду.

90 кг чейинки салмактык категорияда алтын медалга болгон беттешке кыргызстандык Маратбек Алтымышев (1977-ж.) жана казакстандык Сырым Избасаров (1989-ж.) чыгып, анда казакстандык спортчу биринчи орунду ээлеп, кыргызстандык чабандес күмүш медалга ээ болду. Коло медалды кытайлык спортчу Башан Мухбили уулу (1975-ж.) алды.

90 кг жогорку салмактык категорияда алтын медалга казакстандык спортчу Биржан Косалиев (1985-ж.), күмүш медалга кыргызстандык спортчу Канатбек Алпанов (1986-ж.), ал эми коло медалга Афганистандан келген спортчу Ташкургани Гулбодин (1983-ж.) татыктуу болду.

Кошумча маалымат

Эр эңиш – кыргыздардын салттуу атчан күрөшү. Эр эңиш тегерек чийин ичинде, тегиз аянтта өткөрүлөт. Эңишке белден өйдө жылаңачтанган, камчысы менен эки адам чыгып, белине бел боо байланып, чеке терисин аарчыганга бетаарчысы болушу керек жана кийген кандагайы, шымы бекем кездеме же булгаарыдан тигилүүсү абзел. Эңиштин алдында арбитрдин буйругу менен эки тарап ортого бастырып келишет. Команданын негизинде эңиш башталат. Жеңишке ээ болуш учүн чабандес атаандашын атынан оодарып, атаандашынын денесинин бир мүчөөсүн жерге тийгизсе, жеңди деп эсептелинет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы