24.07.2016 18:00

Euronews ДКО жана Кыргызстандагы туризм тармагы тууралуу видеороликти экранга алып чыгат

Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов “Азаттыкка” маалымдагандай, “Euronews” телеканалы тарабынан II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары жана Кыргызстандагы туризм тармагы тууралуу видеролик көрсөтүлөт.

Анын айтымында, роликтин съемкасы жана монтажы аяктады, жакынкы убакытта ал 2,5 ай бою бир күндө 3-4 жолу көрсөтүлө баштайт.

Эскерте кетсек, батыштын басмаларында акыркы жылдары Кыргызстан тууралуу макалалардын саны улам көбөйүүдө. 2015-жылдын аягында “The Guardian” гезити Кыргызстандагы альпинизм тармагынын артыкчылыктары тууралуу материалды жарыялаган. 2016-жылдын башында дагы бир британиялык гезит – “Financial Times” – Кыргызстанды саякатка ылайыктуу 7 өлкөнүн катарына киргизген.

 “Telegraph” рейтингинде Кыргызстан туризм тармагындагы көрүнүктүү жылыштар боло турган алдыңкы 10 өлкөнүн башында турат. “Business Insider” аталышындагы эл аралык жаңылыктар порталы өзүнүн дагы бир макаласында Кыргызстан 2016-жылдын ичинде туристтерге сунушталган 12 өлкөнүн катарын толуктады.

II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016-жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт. Этношаарча Чолпон-Ата шаарынан 30 км аралыкта, Семенов капчыгайындагы Кырчын жайлоосуна орнотулат.

Алынган булак: Азаттык Радиосу