25.08.2018 15:34

III ДКО: Ысык-Көл районунун аймагын тазалоо боюнча ишембиликке 2 миңдей адам катышууда

Райондун акими Данир Иманалиев белгилеп кеткендей, экологиялык акциянын катышуучуларынын арасында муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер, пансионаттардын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, Кыргызстандын башка облустарынан жана Бишкек шаарынан келген ыктыярчылар ошондой эле кайдыгер эмес жарандар бар.

 “Бул Ысык-Көл районунун аймагын тазалоо боюнча экологиялык акцияга кайдыгер эмес жарандар жана ар бир айылдын катышканы абдан кубанычтуу. Пансионаттардын кызматкерлери, жол жээгиндеги үйдүн жашоочулары өздөрүнө тийиштүү аймактарды тазалашууда. Бул өңдүү экологиялык акция өзгөчө мааниге ээ, жарандарыбызды табиятка жана экологияга аяр мамиле жасоого, тарбиялоого багытталган” - деп билдирди акими Данир Иманалиев.  

Белгилей кетчү жагдай райондун аймагын, Балыкчы шаарынан баштап Семеновка айылына чейин, Кырчын жайлоосун кошо тазалоо боюнча иш-чара бүгүн жана эртең өтөт. Ысык–Көл районунун аймагынын жалпы узундугунан (168 км),  100 чакырымдан ашуун аймагын тазалоо пландалууда.  

Ысык-Көл областындагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колдоосу астында өтүп жаткан экологиялык акция, Ысык-Көл районунун акимчилиги жана  “Эко Деми” коомдук фонду тарабынан уюштурулган.