25.08.2018 11:47

III ДКОну өткөрүү мезгилинде ЖКККББнын 700дөн ашуун кызматкери жол коопсуздугун камсыздайт

2018-жылдын 2-сентябрынан 8-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын 700дөн ашуун кызматкери кызмат өтөйт.

Көчмөндөр оюнун өткөрүү учурунда атайын 1262 түз байланыш телефону ачылган, бул номерге жол схемалары, автоунаа токтотуучу жайлары туурасында жана жол коопсуздугуна тийиштүү маселелер жаралган учурда кайрылса болот. Түз байланыш номери күнү-түнү иштейт.

Көчмөндөр оюндарына келген чет өлкөлүк коноктордун жана туристтердин ыңгайлуулугу үчүн иш-чара өтүп жаткан жайда ЖКККББнын англис тилин билген 10 кызматкери иш алып барат.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын конокторуна жана калкка маалымдоо максатында иш-чара өтө турган жайдын, автоунаа токтотуучу жайлардын жана автоунаалар өтүүчү жолдордун, ошондой эле ЖКККББнын жайгашкан пункттары туурасында кеңири түшүндүрмө карталары менен маалымат баракчаларын чыгарышкан. Бул посттордон жогоруда көрсөтүлгөн маалымат баракчаларын алса болот.