01.08.2018 18:23

III ДКОнун алкагында алгачкы жолу байыркы аскердик өнөр боюнча турнир өтөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында  алгачкы жолу «Кырчын» этношаарчасында байыркы аскердик искусство мелдешинин ачылышы болот. Бул мелдеш үчүн «Хан ордонун» башкы дарбазасынын жанына атайын ринг орнотулат. Рингде аскердик өнөрлөр көрсөтүлөт.

Режиссер Талант Апиевдин ою боюнча, турнирдин алкагында ошол мезгилдеги муздак куралдар  кармашы, ойноо элементтери менен айкалышкан аскердик ыкмалар  демонстрацияланат жана кийимдер шоусу өткөрүлөт. Мындан сырткары,  орто кылымдагы аскердик салттуу кийимдердин  эксклюзивдүү көрсөтүүлөрү жана жүрүшкө чыгуучу жабдуулары, согуштук куралдары   көрүүчүлөрдү күтөт. “Аскердик искусства – бул белгилүү философиянын  терең  мазмунунда жашоо образы жана жеңишке карай эрк бар. Уюштуруучу катары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында  өтүүчү турнирге өлкөнүн булуң-бүрчунан аскердик өнөрдү сүйүүчүлөрдү күчтөрүн сыноого чакырабыз. Катышуучулар энергия алып, күч топтоп өз өнөрлөрүн тартуулоого чакырабыз”, - деп маалымдады режиссер Талант Апыев.