19.07.2018 13:55

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга билдирүүнү дүйнөнүн 44 өлкөсүнүн спортчусу берди

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга дүйнөнүн 44 өлкөсүнүн спортчусу билдирүү  беришти.

Ошентип, 19-июлга карата Россия, АКШ, Казахстан, Өзбекстан, Армения, Грузия, Австралия, Бангладеш, Индия, Индонезия, Иран, Испания Монголия, Польша ж.б. сыяктуу өлкөлөрдөн 1 миңден ашуун спортчу катышууга билдирүү беришти.  т.д.

Спортчулардын анкеталык маалыматтары III ДКО спорттук программасын өткөрүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык аккредитациянын электрондук системасы боюнча келип түшкөнүн белгилей кетүү керек.  Спорттук делегациялардын аккредитация системасына жетүүсү 2018-жылдын 31-июлунда аяктайт.  

Мындан кийин Кыргызстандагы мелдештерге өзүнүн делеганттарынын келүүсүн тастыктаган катышуучу мамлекеттердин алдын ала тизмеси түзүлөт.  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына командаларды аккредитациялоо Оюундардын расмий сайты аркылуу жүзөгө ашырылат.  

Эске сала кетсек, 2018-жылдын апрель айында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги дүйнөнүн 102 өлкөсүнө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга расмий чакыруу жөнөткөн.