28.08.2018 11:55

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Калкты тейлөө борбору чет өлкөлүк жарандарды каттоодон өткөрөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын учурунда 1-9 сентябрь күндөрү Калкты тейлөө борборунун (КТБ) чет өлкөлүк жарандарды Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында Калкты тейлөө борборунун (КТБ) чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча көчмө түйүндөрү иштейт.  

Учурдагы иш-чара III ДКОго катышууга келген чет өлкөлүк конокторго мамлекеттик каттоо кызматынын жеткиликтүүлүгүн жана  ыңгайлуулугун камсыздоо максатында демилгеленди.

Чет өлкөлүк жарандар каттоодон өтүү үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт:          

Каттын (ходатайство) белгиленген формасы;

Паспорт же аны алмаштыруучу документ,  чет өлкөлүк жарандын өздүгүн тастыктоочу документ:

Мамлекеттик пошлинаны төлөгөн дүмүрчөк.

Толук маалыматты  КТБнын 119 номеринен биле аласыз (чалуу акысыз).

КР мыйзамына ылайык чет өлкөлүк жарандар өлкөгө киргенден кийин 5 күндүн ичинде каттоодон өтүшү керек.

Чет элдик жарандар каттоодон өтүшү үчүн керектүү документтер топтомун бул ссылкадан көрө аласыз:

https://grs.gov.kg/ru/subord/drnags/registration/782-rieghistratsiia-inostrannykh-ghrazhdan-i-lits-biez/

Каттоодон бошотулган чет өлкөлүк жарандар үчүн документтер топтому төмөнкү:

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/98720?cl=ru-ru#p1