16.02.2018 12:08

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын өкүлдөрү студенттер менен жолугушту

14-февраль күнү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылыгынын жаш активистери Союзбек Надырбеков, Таалай Бердиев жана Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Махабат Тилегеновалар Ош мамлекеттик университетинде болушуп, университеттин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда ушул жылдын күз айында болуучу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тартиби, өзгөчөлүктөрү жана программага киргизилип аткан жаңылыктары боюнча ой бөлүшүштү. Ошондой эле студенттерди, жогорку денгээлде өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчы (волонтер) катары, ар тараптан жардам көрсөтүп, иштешүүгө чакырышты. Ыктыярчыларды кабыл алуудагы негизги талаптар жөнүндө кеңири маалымат беришти. Студенттердин көпчүлүгү, ыктыярчы катары аталган эл аралык долбоорго кызмат көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

                     
Эске салсак, 2016-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ОшМУнун чет тилдер факультетинин жана эл аралык мамилелер факультетинен 14 студенти, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112 бирдиктүү нөөмөттүк диспетчердик кызматына» англис, француз жана араб тилдеринде ыктыярчы, котормочу катары жардам көрсөтүшкөн.