03.08.2018 21:45

ИИМ: ДКО уюштурууда жана өткөрүүдө милиция кызматкерлерине оперативдүү жана профилактикалык иш-чарал

2018-жылдын сентябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өлкө башчыларынын саммити жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ички иштер органдарынын негизги тапшырмасы – ири иш-чараларды өткөрүүдө жана даярданууда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөнү, коомчулуктун коопсуздугун камсыздоону күчөтүү. Ички иштер министрлигинде уюштуруучулук жана тажрыйбалык ченемдери кабыл алынган. Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору С.Өмүрзаковдун жетекчилиги астында Оперативдүү штаб түзүлүп, күчтөрдү, каржаттарды координациялоо жана  башкаруу тапшырмалары берилди.

2018-жылдын 2-8-сентябрында өлкө борборунуда жана Ысык-Көл облусунун аймагында Кыргызстандын тарыхындагы ири иш-чаралар өтөт. Кыргызстандагы ири майрамдык иш-чарага Европадан, Азиядан, Африкадан көптөгөн өлкөлөр катышышат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана өлкө башчыларынын 6-саммитинин катышуучуларынын, өлкөнүн конокторунун коопсуздугун камсыздоого жана  коомчулуктагы тартипти  көзөмөлдөөгө ички иштер органдарынан 6 миңден ашуун кызматкерлер тартылат. Иш-чараны өткөрүүдө “Повышенная” согуштук даражадагы өздүк курамга ресбуликадагы ички иштер органдары которулат.  Мындан сырткары, саммитке жана III ДКОго даярдануунун жүрүшүндө республика боюнча милиция кызматкерлерине эскертүүгө, кылмыштарды ачууга багытталган кеңири масштабдагы оперативдик издөө, алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөт.  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги оперативдүү жана алдын алуу даярдык иш-чараларын өткөрүүгө түшүнүү менен мамиле кылуусун жарандардан өтүнөт.