07.04.2016 12:00

Иран Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына чакыруу алды


КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынын билдирген маалыматы боюнча  Иран II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышуу максатында Кыргызстандын атынан чакырылды.

Чакыруу 6-апрелде Маданият министринин орун басары Айнура Темирбекованын жана Ирандын Маданият жана ислам байланыштары уюмунун жетекчисинин эл аралык иштер боюнча орун басары Аббас Хаме Ярдын жолугушуусунда айтылды. Билдирүүдө  “Ирандын өкүлдөрү 2016-жылдын сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышуучу катары чакырылды” деп айтылган. 

А.Темирбекова Яр мырзага Кыргызстан үчүн Иран сериалдарынын дубляжын жасоону жана туристтерди тартуу максатында Кыргызстан жана Иран тууралуу видеороликтер менен өз ара алмашууну сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында Иран тарап Кыргызстанда кинематография жана сүрөт искусствосу тармагында мастер-класстарды жана тренингдерди өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын бул жылы күзүндө (3-8-сентябрь) өткөрүү пландалып жатат. Иш-чаранын программасына спорттун 23 улуттук түрү камтылды. Катышууга 40 команданын келиши күтүлүүдө.

Алынган булак: Sputnik Кыргызстан