21.06.2016 12:20

КР Белорусиядагы Элчиси ДКО боюнча презентацияны жасады


Кыргызстандын Белорусиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев 16-июнь күнү КМШга мүчө өлкөлөрүнүн туруктуу толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынында  Кызматташтыктын уставдык ж.б. органдарынын алдында Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын таанытуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу маалымат КР ТИМ расмий сайтында жарыяланган.

Оюндар 3-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Белгиленип кеткендей, КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси болгон Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын миссиясы этномаданиятты, ар бир элдин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо болуп саналат.

Бул долбоордун максаты - ар бир көчмөн элдин салттарын жандандыруу, көчмөн маданиятты өнүктүрүү түшүнүгүн дүйнөгө жеткирүү жана көчмөн цивилизациясынын жогорку рухий мурасын көрсөтүү.

Оюндардын алкагында этноспорттун 23 түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт: көркөм оюндар (күрөш) фестивалы, ат жарыштар жана мелдештер, жаа атуу боюнча мелдештер өтөт, кыраан куштар жана алгыр ит (тайган) менен болгон аңчылыктын ар кандай түрлөрү көрсөтүлөт.

Оюндар бою фольклордук фестиваль да өтөт. Көчмөндөр Оюндарынын катышуучулары жана кадырлуу коноктору Кырчын жайлоосундагы  көчмөн маданиятын чагылдырып турган шаарчага күбө болушат.  Бул шаарчага ички жасалгага бай  көчмөндөрдүн боз үйлөрү тигилип, кол өнөрчүлүк менен буюмдарды жасоо боюнча устаканалар орнотулат.

Алынган булак: АКИpress