31.07.2018 13:17

Казак күрөшү боюнча курама команда Ысык-Көлдө алгачкы машыгуусун өткөрдү

Кыргыз Республикасынын казак күрөшү боюнча курама командасы 13-29-июлда Ысык-Көлдүн Бостери айылында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдануу максатында алгачкы окуу-машыгуусун төмөнкү курам менен өткөрүштү.

  1. Мирлан Эралиев                       1987-жылы туулган.
  2. Сагынбек уулу Эрлан                1981-ж. т.
  3. Павел Гончарев                          1996-ж. т.
  4. Эдуард Ли  жооптуу  машыктыруучу

Кыргыз Республикасынын казак күрөшү боюнча курама командасынын окуу-машыгуусун өткөрүүгө  Улуттук спорттун түрлөрү дирекциясынан 104 миң сом бөлүндү.

Казак күрөшү – казак элинин улуттук күрөшү. Казак күрөшүндө спортчу, эки колу менен атаандашынын бутунан кармап жыгууга аракет кылат, ошондой эле партер же жаткан абалда күрөшүүгө болбойт. Балбандардын техникалык арсеналында көптөгөн ыкмалары бар. Күрөштүн бул түрүндө балбанга кийимден, бир же эки колдоп курдан, колдон же тулку бойдон каалагандай кармап, атаандашын чалып, кадамын кесип, бутунан илип тартып, аркасынан, санынан жана төшүнөн кармап чабууга уруксат берилет.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосуна ылайык күрөшкө  3 салмактык категориядагылар  - 70, 90 килограммга чейинкилер жана абсолюттук салмактагылар катыша алышат.

Казак күрөш мелдеши  Дүйнөлүк федерациянын эрежелери борюнча өткөрүлөт. Абсолюттук салмак категориясынын жеңүүчүсү «Көчмөндөрдүн улуу күрөшү» мелдешине катыша алат.