10.08.2016 13:16

Казакстанда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын презентациясы болду

Алматы шаарында (Казакстан) үстүбүздөгү жылдын 3-8-сентябрында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын презентациясы болду. 

Презентация ДКОнун Катчылыгы (Кыргызстан) жана “Көчмөн цивилизациясынын мурасы” деп аталган эл аралык коомдук фонд (Казакстан) тарабынан уюштурулду. Иш-чарага Казакстанда аккредитацияланган чет өлкөлөрдүн дипломатиялык корпустарынын өкүлдөрү, Казакстандын ММКлары жана туризм агенстволору катышты.

Презентация учурунда Кыргызстандын Алматы шаарындагы консулу Алиясбек Алымкулов ДКО Катчылыгынын өкүлдөрүнө Оюндардын идеясын алга карай өнүктүрүп жаткандыгы үчүн жана Казакстандык медиа өнөктөштөргө иш-чараны колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирип өттү.

ДКО Катчылыгынын өкүлдөрү иш-чарага келгендерге Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын максаттары тууралуу айтып, дүйнөдөгү көчмөн элдердин цивилизациясынын тарыхый жана маданий мурасын жандандырууда, көчмөн цивилизациясынын, ошондой эле көчмөндөрдүн спорт түрлөрүнүн тарыхын, маданиятын, жашоо-тиричилигин жана салт-санааларын жайылтууда алардын мааниси жана орду канчалык деңгээлде болгондугу тууралуу баяндады.

Оюндарга аккредитацияланган мамлекеттердин жана ММКлардын саны Көчмөндөр Оюндарынын атактуулугу улам өсүп бара жаткандыгынан кабар берет. Мындан сырткары Оюндар эл аралык колдоого алынып, кенен алкакта таанылып жатат. Бул көрсөткүч долбоордун  андан ары да өнүктүрүлүшүнө негиз салууда.

Презентация иш-чарасы Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата тартылган видеороликтердин эл назарына коюлуусу менен аяктады.

 Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Катчылыгы