14.07.2018 11:50

"Көчмөндөр ааламы" эл аралык этномаданий фестивалына катышуучуларды тандоо сынагы соңуна чыкты

                              

Катышуучулардын кастинги айтыш чеберчилиги, этнохит, этномода, этнобий жанрларында өттү.Сынактын алгачкы күнүндө  200дөн ашык адамчыгармачылык 88 номерин көрсөтүштү. 41дизайнер өз эмгектерин жюри мүчөлөрүнөтартуулашты.

Сынактын экинчи күнүнө 363 катышуучу катталып, анын 194ү Кыргызстан элдеринин ассамблеясынан. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборунун мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү бөлүмүнүн жетекчиси Эрмек Муканбетов айткандай, тандоо туру кыргызстандык конкурсанттарга гана өткөрүлдү. "Эки күн аралыгында калыстар менен бирге III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган эң кыйын чыгармачыл жамаатка жана жеке ырчыларга тандоо жүргүздүк. Учурда сынактын жыйынтыгын чыгаруудабыз. Кыргызстандын башкы иш-чарасына катышууга жолдомо жеңип алгандар менен тажрыйбалуу хореографтар, режиссёрлор, вокал боюнча окутуучулар иштешет. "Көчмөндөр аламы" этномаданий фестивалына атайын театралдаштырылган өзүнчө программа даярдап жатабыз", - деп белгиледи Эрмек Муканбетов. 

                             

Ал иш-чарага катышууга 100дөн ашык өлкөгө чакыруу жөнөтүлгөнүн маалымдады. ""Көчмөндөр ааламы" этномаданий фестивалы 3үнөн 7-сентябрга чейин төрт күн болот.  Фестивалдын программасы өтө мазмундуу. Күн сайын ар башка темага багытталган: биринчи күндүн аталышы"Көчмөндөр кайрыктары", экинчи күнүкөрүүчүлөргө "Талаа саймалары" программасы тартууланат,  үчүнчү күндүн темасы - "Көчмөндөрдүн шаасы", акыркы күнү эл аралык аудиториянын сынына "Көчмөндөрдүн ааламы" коюлат. Кыргызстандын өкүлдөрү бардык программаларга катышышат", - деди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборунун мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү бөлүмүнүн башчысы.

"Алдыбызда Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүчү өлкө катары өзүнүн тарыхый жана маданий мурастарын чагылдыра турган зор жоопкерчиликтүү тапшырма турат", - деп жыйынтыктады.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунда ушул жылдын 3-сентябрынан 7-сентябрга чейин "Nomad"  амфитеатрында "Көчмөндөр ааламы" эл аралык фестивалы болот.