17.08.2018 19:29

“Көчмөндөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалында өзүнчө театрлаштырылган программа көрсөтүлөт

“Көчмөндөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун маданий программасынын бөлүгү болуп эсептелет.

Фестиваль дүйнөлүк цивилизациянын ажырагыс бөлүгү катары көчмөн элдердин этномаданий мурасын сактоо, көчмөн жана дүйнө элдеринин этно-маданий салттарын эл аралык деңгээлде бүткүл дүйнөлүк этномаданий кыймылдын алкагында өнүктүрүү, жайылтуу жана ааламдашуу дооруна жуурулуштуруу максатында өткөрүлөт.

“Көчмөдөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалы төрт күн – Ысык-Көлдүн Бостери айылында “Nomad” амфитеатрында 3-сентябрдан 7-сентябрга чейин өтөт. Фестивалдын программасына  “Этнохит”, “Этнобий”, “Этносаркеч”, “Этнобазар”, “Этноүй”, ошондой эле айтыш искусствосу боюнча конкурс камтылган.

Мындан сырткары, этнофестивалга катышкан өлкөлөр тарыхын, элинин турмушун жана маданиятын чагылдырган улуттук маданий программаларын көрсөтүшөт.

Чыгармачыл топтор, жеке аткаруучулар жана маданий ишмерлер бардык конкурстарга катыша алышат. Ал эми этнофестивалдын көрүүчүлөрү “Этнохит” конкурсунда элдик жана эстрадалык ырлардан, элдик музыкалардан эргүү алып,  “Этнобий” конкурсунда ырым-жырым жана элдик бийлерин көрө алышат.

Конкурстун дагы бири – дүйнөлүк эпосторду ооз эки айтуу чеберчилигин өнүктүрүү жана жайылтуу максатында айтыш искусствосу боюнча конкурс өтөт. Катышуучулар иш-чарада улуттук кийим менен өздөрүнүн аткаруучулук, импровизатордук жана чечендик чеберчилигин көрсөтөт. 

III ДКОго катышкан өлкөлөрдүн дизайнерлери өздөрүнүн  салттуу улуттук кийимдерин жана этностилдеги заманбап кийимдерин “Этносаркеч” конкурсунда көрсөтүшөт.

Дүйнөдөгү көчмөн элдердин кол өнөрчүлөрүнүн буюмдары “Этнобазар” көргөзмө – жарманкесине коюлат.

Этнофестивалдын көрүүчүлөрү “Этноүй” иш-чарасында көчмөндөр доорунда колдонулган башка тарыхый экспонаттарды жана убактылуу жашоочу улуттук жеңил турак жайларды көрө алышат.

Белгилей кетчү жагдай “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалы үчүн атайын өзүнчө театрлаштырылган программа даярдалууда, бул көрсөтүү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Nomad” амфитеатрында өтөт. Амфитеатрдын өзгөчөлүгү – сахнанын артында көл көрүнүп турат жана артисттер суу үстүндө жүргөндөй сезилет.

Миңге жакын көрүүчү жаркыраган жана түркүн түстүү көрсөтүүгө күбө боло алышат.
2018-жылдын 16-августуна карата “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалына катышуу үчүн 24 өлкөдөн 200дөн ашык өкүлдөр  on-line тапшырык беришкен.