14.06.2018 17:49

Көчмөндөр оюндарынын медалынын дизайнына конкурс жарыяланды

 Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрүнө бериле турчу медалдын дизайнын иштеп чыгууга конкурс жарыялады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Катышуучулар экиден ашык ишин конкурска бере албайт. Ошондой эле медалдын салмагы, көлөмү, метариалдардын курамы тууралуу толук маалымат бериш керек. Иштерди кабыл алуу 25-июнда саат 10:00дө аяктайт. Бир сааттан кийин комиссия жеңүүчүнү аныктайт.
Сунушталган эмгектер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
— Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III  оюндарынын расмий эмблемасы болушу шарт;
— медалдын дизайны эскиз же жасалган түрдө болушу керек;
— улуттук оймо-чиймелер түшүрүлүшү шарт;
— медалдын минималдык диаметри 70 миллиметр, калыңдыгы 0,4 миллиметр болууга тийиш;
— медалдын алдыңкы бетинде англис тилинде III WORLD NOMAD GAMES деген жазуу, арткы бетине KYRGYZ REPUBLIC 2018 деп жазылышы керек.
Конкурстун жеңүүчүсүнө 20 миң сомдук сертификат тапшырылат.