05.09.2018 14:00

Көк бөрү боюнча Казакстандын курама командасы топтук таймаштардагы биринчи оюнун ойноду

Бүгүн, 5-сентябрда, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында Көк бөрү боюнча топтук таймаштардын үчүнчү күнү өтүп жатат. С тобунда Казакстандын курама командасы өзүнүн биринчи оюнун ойноп, 15:3 эсебинде Красноярск (Россия) командасын утуп, биринчи үч упайын топтоду. 

Бүгүн эле казакстандыктар өзүнүн тобундагы кийинки атаандашы болгон АКШ командасы менен оюн өткөрөт. Таймаш саат 15:00гө пландаштырылган.

Азыркы учурда Көк бөрү боюнча биринчиликке 10 команда катышып жатат, алар чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча 4 топко бөлүнүшкөн:

А тобу

Кыргызстан

Монголия

В тобу

Москва (РФ)

Афганстан

С тобу

Казакстан

АКШ

Красноярск (РФ)

D тобу

Башкыртстан

Франция

Өзбекстан