08.09.2016 16:16

Көк бөрү боюнча финалдык беттеште Кыргызстан жеңүүчү болду

Бүгүн, 8-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Кыргызстан жана Казакстан курама командаларынын көк бөрү боюнча финалдык беттеши болуп өттү.

Кыргызстандык спортчулар оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн тартып атаандаштары менен таамай беттешке түшүп, татыктуу оюнду көргөздү. Оюндун биринчи бөлүгүндө кыргызстандык көк бөрүчүлөр 20 мүнөттүн ичинде 7 жолу тайказанга улакты таштай алды, ал эми Казакстандын командасы биринчи бөлүктүн аягында гана эсепти ачты.

Экинчи бөлүктө кыргызстандык оюнчулар үч жолу тайказанга чабуул коюп, 10 деген упайга ээ болсо, казакстандык көк бөрүчүлөр өзүнүн эсебин 3 деген упайга көтөрө алды. Жыйынтыгында экични бөлүктүн эсеби 10:3 болду.

Үчүнчү эсепте кыргызстандык спортчулар эсебин 5 упайга көтөрдү, бирок атаандаштарын өзүнүн тай казанына бир да ирээт жолоткон жок. Жыйынтыгында үчүнчү бөлүк 15:3 эсеби менен аяктады.

Ошентип, орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун – Кыргызстан;
2-орун – Казакстан;
3-орун – Кытай.

Биринчи орундун жеңүүчүлөрү 3,5 миллион сомдук, 2-орундуку 1 миллион сомдук, 3-орун 600 миң сомдук сертификатка ээ болду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы