05.09.2018 19:11

Кырчын этношаарчасында боз үйдү ылдам тигүү боюнча мелдеш өтүп жатат

Кырчын этношаарчасында боз үйдү ылдам тигүү боюнча мелдеш өтүп жатат. Конкурска 18 команда катышты. Кыргызстандын 7 облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 2ден команда келген.

Ар бир командада 6 кишиден бар. Белгилей кетсек, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында боз үйдү ылдам тигүү боюнча конкурстун гран-присин Чүй облусунан келген команда алган, алар боз үйдү 10 мүнөттө тургузуп коюшкан.