26.07.2018 12:39

Кырчын капчыгайына алып баруучу жол августтун башында колдонууга берилет

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата курулуп жаткан объекттердин бири 2018-жылдын 1-августунда колдонууга берилет. Узундугу – 34 километрге жеткен Семёновка – Ак-Суу – Кол – Кашка-Суу автожолу гравийленген, Кырчын капчыгайына алып барган бул жол 1-августка карата аяктайт.

“Учурда тапшырылган жумуштун көлөмүнүн 90%ы бүтүп калды”, - деди Транспорт жана жолдор министрлигинин №7 жол-эксплуатациялоо ишканасынын жетекчиси Бакыт Муслимов. Анын айтымында, курулуштун жүрүшүндөСемёновка – Ак-Суу жолунун 15-километриндеги көпүрө кеңейтилди.  Ошол эле участоктун 8 жерине суу агып өтүүчү астбест түтүктөрү орнотулду.

Григорьевка – Кол – Кашка-Суу автожолундагы көпүрөгө перила да коюлду. Мындан сырткары узундугу 3,8 километрге жеткен Чолпон-Ата шаарын айланып өтчү жолду гравийлөө иштери жүрүп жатат. 

КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы.