05.09.2016 12:10

Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” фестивалы башталды

2016-жылдын 4-сентябрында ДКО алкагында Кырчын жайлоосунда 7-сентябрга чейин улана турган “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы башталды.

Хан-Ордо этношаарчанын борбордук аянтчасы болду. Анда өлкөнүн булуң бурчунан келген 2000 артист, анын катарында 800 чебер, 100 каскадер театралдашытырылган сахнаны коюп, өзүнүн өнөрлөрүн тартуулады.

Фестивалдын режиссер-постановщиги Алтынбек Максутовдун айтымында көргөзмө оюндарынын негизги темасы көчмөн кыргыз калкынын жашоо тиричилигин жана маданиятын көрсөтүү болуп саналат.

“Биз бул теманы ата-бабаларыбыздын даншымандыгын, маданиятын, жетекчисин демократиялык жол – шайлоо менен тандап келгендигин көрсөтүү максатында тандадык. Ата-бабаларыбыз ынтымакта жашап, жаратылышыбызга аяр мамиле жасоону үйрөтүп келген. Мына ушул ойду дүйнөгө жеткирүү биздин эң негизги максатыбыз болууда” – дейт Алтынбек Максутов.

 “Көчмөндөр ааламы” фестивалынын программасы ар тараптуу жана абдан кызыктуу. Этнофольклордук, музыкалык жана бий коллективдеринин, жеке аткаруучулардын, төкмө акындардын, манасчылардын сахнадагы өнөрүн, Кытайдын маданият кербенинин келишин, улуттук кийимдердин көргөзмөсүн көрүүгө болот. Ушул эле күндөрү программалардын ар кандай түрү боюнча, анын ичинде төкмө акындардын, манасчылардын, кол өнөрчүлүк усталарынын конкурстары өткөрүлөт.

Этношаарчанын меймандары 7-сентябрга чейин Бишкек, Ош шаарларынан, республиканын облустарынан келген маданий делегациялардын өкүлдөрү койгон концертке жана театралдаштырылган сахнасына күбө болмокчу. Өзүнүн программасын Кыргыз Республикасынын Элдик ассамблеясы жана коомдук бирикмелер даярдоодо.

Чет элдик маданий делегациялардын өкүлдөрү өзүнүн улуттук салт-санааларын, үрп-адаттарын жана маданиятын тартуулайт.

Көрүүчүлөрдүн купулуна толо турган улуттук кийимдердин жана улуттук тамак-аштын конкурстук көргөзмөсү уюштурулат. Ал эми Кыргызстандын облустарынын өкүлдөрү тез убакыттын ичинде боз үй тигүү боюнча мелдешке чыгат.

Андан сырткары улуттук спорттук мелдештер да фестивалдын катышуучуларына унутулгус таасирлерди калтырмакчы. 

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-сентябрь күнү Ысык-Көлдө башталып, 8-сентябрга чейин уланат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы