04.09.2016 13:54

Кырчын жайлоосунда “Кыргыз айылы” этношаарчасы ачылды

Бүгүн,-сентябрь күнү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда  288 боз үйдөн турган “Кыргыз айылы” аталышындагы этношаарчанын расмий ачылышы болду.

 “Кыргыз айылы” жайлоодо түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай созулуп, көлөмү менен таң калтырарлык деңгээлде тургузулган.

Этношаарча ар бири 25 боз үйдөн турган 9 көчмөн конушунан турат. Бишкек жана Ош шаарлары, ошондой эле Кыргызстандын 7 дубаны тарабынан коюлду.

Шаарчага келген меймандар “Кыргыз айылынын” этностилде жасалган флагшток менен кооздолгон борбордук дарбазаларынан кирүүдө. Ар бир конок көчмөндөрдүн баштапкы маданиятын жан дүйнөсү менен аңдап сезүүгө мүмкүнчүлүк алып, кыргыз элинин салт-санаалары жана үрп-адаттары менен тааныша алат.

 “Кыргыз айылынын” ачылышы “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы менен коштолууда.

Борбордук аянтчада негизги  чоң боз үй Хан-Ордо, анын жанында кадырлуу коноктор үчүн боз үйлөр тигилип, эки байкоо жүргүзүү мунарасы, флагштоктор жана “бута” мунарасы орнотулган.

Калган боз үйлөргө өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын, атайын жана укук коргоо кызматтарынын, тез жардам кызматынын штабдары жана жергиликтүү, чет элдик ММК үчүн басма сөз борбору (пресс-центр) жайгашты.

Боз үйлөр шаарчасынын аймагында чет элдик делегациялар үчүн атайын аянтча каралып, алардын өкүлдрү өзүнүн улуттук турак-жайларын эл назарына койду.

Дагы бир 60 боз үйдөн турган аянтчада шаарчага келген баардык коноктор үчүн коомдук тамактануучу пункт жана кичи дүкөндөр коюлду.

Оюндардын уюштуруучулары аянты 87 429 чарчы метр болгон, “Кыргыз айылына” жакын жерде жайгашкан  унаа токтотуучу жайды да камсыздаган.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдө 3-сентябрь күнү башталып, 8-сентябрга чейин уланат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы