20.08.2018 21:43

Кырчын жайлоосунда өтүүчү маданий иш- чараларды «Маданият. Тарых. Тил» каналы түз эфирде көрсөтөт

Бүгүн, 20 – августа Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде “Кырчын” этно- шаарчасында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кандай маданий иш – чараларды «Маданият. Тарых. Тил» (КТРК) каналы чагылдыра тургандыгы тууралуу талкуу болду.

Жолугушуу "Маданият Тарых Тил"  каналынын жана “Кырчын” этно- шаарчасынын маданий иш –чараларга жооптуу режиссерлук тобунун өкүлдөрү менен өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргызстандыктар “Маданият. Тарых. Тил” каналынан  түз эфирде  театрлаштырылган “Көчмөндөрдүн алтын доору”,  акындардын эл аралык “Айтыш” сыныгынын финалын, орто кылымдын согуш ыкмалары жана чеберчилиги боюнча көрсөтүүлөрдү, 3 сааттык “Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары” программасын, кыргыз боз үйлөрүн ыкчам тигүү сынагынын финалын жана “Кырчын” этно- шаарчасындагы чет элдик жана жергиликтүү чыгармачылык топтор катышкан жыйынтыктоочу концерттик программаларды көрө ала тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынды.. 

Мындан сырткары, жазыдырып алуу режиминде эл аралык экологиялык “Мөңгү” кино форумун, эл аралык дүйнө эпосторунун фестивалын (“Манас”, “Кайчы”, “Олонхо”), чет элдик чыгармачыл топтордун концерттик программасын, балдардын этно оюндарын жана өлкөнүн облустарынан келген  театрлаштырылган программаларды көрсөтөт.

Жолугушууда 3 – 6 - сентябрга чейин маданий программаларды спутник аркылуу түз эфирде көрсөтүү белгиленди. Ошондой эле, иш – чаралар «no comment» (коментарийсиз) режиминде көрсөтүлүп,  кыска маалымат түрмөктөрү менен коштолот.

Эске салсак, Кырчын этно- шаарчасында маданий иш –чаралар Хан – Ордонун (негизги сахна) аянттарында бир эле убакта бир катар иш чаралар өткөрүлөт, алар кол өнөрчүлөрдүн ордосу “Этно базар”, чет элдик катышуучулардын Ордосу жана облустардын Ордосу болуп эсептелет.