16.08.2018 11:40

Кырчын жайлоосунда салттуу искусствосу боюнча көрсөтмөлүү мелдеш болот

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары убагында Кырчын жайлоосундагы этно-шаарчада 5-сентябрь күнү Хан Ордонун борбордук аянтчасында салттуу искусство боюнча мелдеш өтөт.  “Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары” конкурсунун алкагында Кыргызстандын бардык областарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар, ошондой эле коомдук маданий уюмдардын жана борборлордун өкүлдөрү көчмөн элдеринин жашоосунда колдонулган искусствонун ар кандай салттуу түрлөрү боюнча жарышышат: “Ийик ийирүү”,  “Жүк жыюу”,  “Ала кийиз басуу”,  “Чий согуу”, “Жөө айтыш”,  “Уук жасалуучу талды тез арчуу” жана башка.    

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында мындай мелдештер биринчи жолу өткөрүлөт. Конкурстун негизги максаты ата мекендик жаштарга жана чет элдик конокторго байыркы көчмөндөрдүн салттуу искусствосун көрсөтүү, көчмөндөрдүн жашоо турмушунда колдонгон оокат буюмдарын жана аларды жасоо методдорун үйрөтүү болуп саналат.

“Ийик ийрүү” республикалык конкурсуна 16 команда катышат. Жипти сапаттуу жана бат ийрүү мелдеши болгону 15 мүнөткө созулат. Конкурстун калысы жыйынтыгында жиптин сапатын, узундугун жана ичкелигин туура жасалганын жана ийикти туура пайдаланганын, жүндүн сапатын баалайт.

“Жүк жыюу” конкурсунда катышуучулар жүктөрдү салттуу чеберчилик менен жыюну көрсөтүшөт, атап айтканда аймактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кыздын себин жыюну билүү. Бул салт кыргыз көчмөндөрүнүн жашоосунда кеңири колдонулуп жана улуттук стилде тигилген жүктөрдү жыюу ыкмалары энеден кызга берилип келген. Конкурстун жеңүүчүсү болуп баарынан ылдам бардык салттуу эрежелерин эске алуу менен жана сактоо менен жүктү жыйган катышуучу аныкталат.  

“Ала кийиз басуу” – кийизден килем жасоо. Көчмөн кыргыздар илгертен койдун жүнүнөн ар кандай буюмдарды жасашкан, алардын ичинде кийиз килем. Бул конкурста командалар оюу тушүрүү менен кийиз килем жасоо чеберчилигин көрсөтүшөт. Конкурстун калысы чеберчилигин, иштин сапатын, кийиздин өңүн жана башка параметрлерин баалайт.

Боз үй – көчмөн кыргыздардын алып жүрүүчү салттуу үйү. Боз үй жасоодо чийден согулган буюм дагы колдонулат. “Чий согуу” конкурсунда командалар чий согуу чеберчилигин көрсөтүшөт. 

“Уук жасалуучу талды тез арчуу” – боз үй тигүү үчүн пайдаланылуучу шыргыйларды тез арчуу. Бул конкурста жети областан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар, ошондой эле коомдук маданий уюмдардын жана борборлордун өкүлдөрүнөн чеберлер катышат. Ар бир команда узундугу 5 метр болгон 20 шыргыйды арчыйт.

Көчмөн кыргыздары майрамдарда (тойлордо) айтыш мелдешин өткөрүп келген. “Жөө айтыш” конкурсунда катышуучулар сөз колдонуу чеберчилигинде жарышышат. Калыс ооз эки айтыша ала турганын, макал лакаптарды, жаңылмачтарды жана башкаларды билүүсүн баалайт.

 “Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары” салттуу искусствосу боюнча мелдеш өткөрүү, бул көчмөндөрдүн жашоо элементтерин түзүүнү гана эмес, ата-бабалар жөнүндө жана  көчмөндөрдүн тарыхы менен таанышып  тыгыз байланышта болуу мүмкүндүгүн берет.