06.09.2016 17:14

Кырчында эң мыкты шумкар сүрөтүн тартуу боюнча конкурс өттү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эң мыкты шумкар сүрөтү боюнча конкурс өттү. Мындай чыгармачылык жааттагы конкурса 7 дубандан, Бишкек, Ош шаарларынан келген 15 сүрөтчү  катышты.

Бир нече сааттын ичинде сүрөтчүлөр шумкардын сүрөтүнө негиздей куштун сүрөтүн тартып чыгышты.

Конкурста биринчи орунга Айбек Шамшиев, экинчи орунга Рамис Абылбажимов, ал эми үчүнчү орунга Асан Раимкулов илинди. Байге фонду 70 миң сомду түздү.

Капчыгайда шумкар менен аңчылыкка чыгууга арналган көргөзмө уюштурулду. Анда шумкар менен аңчылыкка чыгуу тууралуу китептер, алгыр куштарды кароодо, таптоодо керек болгон медициналык каражаттар ж.б. коюлду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы