06.09.2016 15:51

Кырчындагы боз үй тигүү боюнча конкурска 33 команда катышты

Кырчын жайлоосунда ДКО алкагында өтүп жаткан тез убакыттын ичинде боз үй тигүү боюнча конкурс аяктады. Ага Бишкек, Ош шаарларын, Кыргызстандын дубандарынын атынан 33 команда катышты.

Калыстар коллегиясынын берген маалыматы боюнча конкурстун жыйынтыктары 7-сентябрда “Кыргыз ааламы” фестивалынын жабылыш аземинде жарыяланмакчы.

Жалпы байге фонду 150 миң сомду түзөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы