02.07.2016 17:00

Кыргыз Республикасынын спорт тармагындагы журналисттери өзүнүн кесиптик майрамын белгиледи

2-июлда “Космопарк” соода-көңүл ачуу борборунун боулинг борборунда өлкөнүн спорт тармагында кызмат кылган журналисттер өзүнүн кесиптик майрамын – спорт журналисттеринин күнүн белгиледи. Бул күнү КР спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси Алмазбек Касенов журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Спорт журналисттеринин күнүндө Сиздерге талыкпаган эмгегиңиздер үчүн ыраазычылыгыбызды билдирип, баардык жакшылыктарды каалап кетмекчимин. Дени сак жашоонун маанисин жеткирүүдө кошкон салымыңар абдан чоң. Өркүнүңөр өсүп, алга карай умтула бериңиздер. Сиздин эмгегиңер жана аракетиңер менен спорт биздин жашообузда маанилүү орунду ээлеп келет. Асыл мээнет жана спортко болгон сүйүүңүздөр үчүн чексиз рахмат” – деди жетекчи.

Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясынын атынан айтылган куттуктоолордон кийин белектер тапшырылды.

Кошумча.
Спорт журналисттеринин эл аралык күнү дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде спорт басма сөзүнүн эл аралык ассоциациясынын демилгеси менен 1995-жылдан тартып ар жыл сайын 2-июлда майрамдалат. 

Бул кесиптик майрамдын күнү тарыхый окуяга байланыштуу. 1924-жылы 2-июлда Парижде спорт басма сөзүнүн эл аралык ассоциациясы түзүлгөн. Азыркы тапта журналисттердин 1500гө жакын улуттук биримдиктери бул ассоциациянын курамында.