06.09.2016 15:05

Кыргыз күрөшү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

6-сентябрда Ысык-Көлдө ДКО алкагында кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өттү.
Ага жалпысынан 26 мамлекеттен келген 121 спортчу катышты.

Мелдештер төмөнкү салмактык категориялар боюнча өттү: 55 кг, 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг, + 96 кг.
Кыргыз күрөшү боюнча жалпы байге фонду 1 498 миң сомду түздү.

1-орунга 100 миң сом, 2-орунга 70 миң сом, 3-орунга 22 миң сом берилди.

Мелдештин жыйынтыктары:
55 кг чейин:

1-орун – Тынчтыкбек уулу Бекзат (Кыргызстан);
2-орун – Ибатуллин Илфак (Орусия);
3-орун – Гарипов Риназ (Татарстан);
3-орун – Оспан Даулбай (Казакстан).

60 кг чейин:
1-орун – Алыбеков Сымбатбек (Кыргызстан);
2-орун – Айткалы Айылбек (Казакстан);
3-орун – Элиазов Фарид (Азербайжан);
3-орун – Отгон Чинбат (Монголия).

66 кг чейин:
1-орун – Садыбеков Зиямидин (Кыргызстан);
2-орун – Искаков Куаныш (Казакстан);
3-орун – Халигурбанов Медет (Түркмөнстан);
3-орун – Мавлияров Артур (Башкортостан).

74 кг чейин:
1-орун – Усенов Тариел (Кыргызстан);
2-орун – Камолов Саиднаби (Тажикстан);
3-орун – Тот Роберт (Венгрия);
3-орун – Хагио Гейбор Ференс (Венгрия).

84 кг чейин:
1-орун – Кожомуратов Бектурган (Кыргызстан);
2-орун – Каллимулин Ренас (Татарстан);
3-орун – Шаймуханов Курмангазы (Башкортостан);
3-орун – Иагмыров Губанч (Түркмөнстан).

96 кг чейин:
1-орун – Кожобеков Нурбек (Кыргызстан);
2-орун – Закиряев Сунгат (Казакстан);
3-орун – Шарипов Хуршед (Тажикстан);
3-орун – Олзвол Гантумур (Монголия).

96 кг өйдө:
1-орун – Кушубаков Бекболсун (Кыргызстан);
2-орун – Арсланов Рустем (Башкортостан);
3-орун – Балиянов Дмитрий (Орусия);
3-орун – Дорж Анар (Монголия).

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы