12.07.2018 14:21

Кыргызстан жана Беларусь маалымат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту

                    

Кыргызстан жана Беларусь маалымат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Документтин негизги максаты – эки мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык жана маданий турмушу жөнүндө маалыматтык материалдар менен туруктуу алмашуу, ошондой эле редакциялардын ортосунда кызматташууну жана делегациялар менен алмашууну өнүктүрүү.   

Макулдашууга Беларусь Республикасынын Маалымат министри Александр Карлюкевич жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова кол коюшту. 

«Биз Беларустун Маалымат министрлиги менен көп жылдан бери кызматташып келебиз, мына бүгүн, буга чейин талкууланып келген бардык иш-чараларды практикалык мейкиндикке өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген макулдашууга кол койдук. Биринчи кезекте, биз кесипкөй уюмдардын – эки өлкөнүн телерадиоуюмдарынын ортосундагы түздөн түз аракеттенүүнү жөнгө салууну каалайбыз. Ошентип, кечээ күнү Белтелерадиокомпания менен биздин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын ортосунда сүйлөшүү келишими жетишилди. БелТА менен биздин “Кабар” маалыматтык агенттигинин ортосундагы кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгилеп кетким келет,” - деп баса белгиледи Айнура Темирбекова. «Министрликтердин ортосундагы мурдагы сүйлөшүү келишимдери эми мыйзамдуу негизге ээ болду”, - деп кошумчалады Айнура Темирбекова.

Өз кезегинде Беларусиянын Маалымат министри Александр Карлюкевич: “Биз министрликтердин ортосундагы макулдашууну конкреттүү иштер менен толуктоону каалайбыз. Бул макулдашуунун негизги максаты биринчи кезекте, окурмандар биздин мамлекеттер эмне менен жашап, кандай долбоорлорду ишке ашырып жатышканын көрүп туруусу үчүн. Бизде бул өлкө жөнүндө, ал эми Кыргызстанда – Беларусия тууралуу маалымат алууну каалаган контентке тиешелүү болот”, - деди Карлюкевич. Ал билдиргендей, макулдашуунун алкагында пресс-турларды уюштуруу, биргелешкен чыгармачыл жана медиялык долбоорлорго эки өлкөнүн журналисттеринин катышуусу каралган.   

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап маалымат чөйрөсүндө өз ара аркеттенүүнүн жаңы багытын – регионалдык журналистика деңгээлинде кызматташууну сунуштады. Беларусь тарап идеяны колдоп, аянты катары "Звязда" гезитине "Союз –Евразия" тиркемесин сунуштады.

“Бүгүнкү күндө Беларусияда регионалдык басылмалардын саны жүзгө жакын”, - деп билдирди Беларусиянын Маалымат министри.“Евразиялык тематика – Евразия мейкиндигинин өлкөлөрүндөгү турмуш жана ишмердүүлүк биздин жалпыга маалымадоо каражаттары  жана албетте окурмандар үчүн  актуалдуу болушун каалайбыз. Биз аянт катары тиркеме болот деп чечтик”, - деп кошумчалады А.Карлюкевич. Макулдашууну ишке ашырууда биринчи кадам Беларусия менен Кыргызстан үчүн маанилүү иш-чараларды жарыялоо болот.  Жыйынтыгында  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова беларусиянын ЖМК өкүлдөрүн быйыл 2-8-сентябрда Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турчу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды, ал эми кыргыз ЖМКнын өкүлдөрү II Европа оюндарын жарыялоого тартылышат.