06.06.2016 15:27

Кыргызстанда Кувейттин делегациясынын башчысына көчмөн наамы берилди


КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев Кувейт делегациясынын башчысына, Кувейттин Маданият, искусство жана адабият боюнча улуттук комитеттинин башкы катчысы Али Хусейн Аль-Юхага  көчмөн наамын ыйгарды. Бул тууралуу маалыматты КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Өткөн жумада Кыргызстанда Кувейттин маданият жумалыгы өткөрүлдү.

А.Акибаев улуттук комитеттин башкы катчысына чапан жана калпак кийгизип жаткан учурда, делегациянын башчысына көчмөн наамын ыйгарып жаткандыгын билдирип, камчыны колуна карматты.

Хусейн Аль-Юха болсо Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө сувенир катары арабча “доу” деп аталган жел кайыктын макетин белекке берди.

Делегациялардын жолугушуусунун алкагында А.Акибаев Хусейн мырзаны II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына чакырды. Ошондой эле тараптар Ысык-Көл облусунда жырткыч куштардын, айрыкча шумкарлардын тукумун көбөйтүү, сактоо жана дарылоо боюнча кызматташтыктын негизги маселелерине токтолушту.

Алынган булак: Sputnik Кыргызстан