26.06.2016 12:00

Кыргызстанда алгачкы жолу эл аралык кумдан жасалган скульптуралар фестивалы өткөрүлөт


Эл аралык конкурстук фестиваль 16 өлкөдөн келген скульпторлордун катышуусу менен Ысык-Көл облусунда өтөт. Фестивалда болжолу менен 50-60 катышуучу болот. Орусиянын, Украинанын, Түркиянын, Франциянын, Индиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Япониянын жана Италиянын усталары катыша тургандыгын билдирди. Кыргызстандык скульпторлор дагы конкурстун эң активдүү катышуучулары болмокчу.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Тарых жана Маданият Жылы жана Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата өткөрүлүп жатат. Борбордук Азиядан келген скульпторлор “Кыргызстан тарыхы жана маданияты” темасы, ал эми чет өлкөдөн келген конкурсанттар “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары” темасынын алкагында иштешет.

Фестивалдын ачылышы  31-июлга белгиленди жана ал 15 күнгө уланат. Катышуучулар Ысык-Көл облусуна 15-июлдан тарта келе баштайт. Алар өзүнүн долбоорун бекитип, 7 күндүн ичинде скульптурасын жасап бүтүшү керек.

“Азырынча байге фонду 500 миң сомду түзүп турат. Фестивалга кеткен чыгымдарды жабуу максатында фестивалга  кирүү  акылуу болот. Бирок билеттин баасы 200 сомдон ашпайт экендигине сөз беребиз. Топтолгон акчанын 60 пайызы чыгымдарга бөлүнөт, ал эми калган 40 пайызы майып балдарга берилет” – деп уюштуруучулар билдирди.

Алынган булак: ZANOZA